Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №112
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине кой жуут куруу жана техника сатып алуу үчүн АРИС аркылуу бөлүнүүчү акча каражатынаатайын фонддон 623204,5 миң сом акча каражатын өздүк салым катары карап берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине кой жуут куруу жана техника сатып алуу үчүн АРИС аркылуу бөлүнүүчү 1869613,5 сом акча каражатын алуу үчүн 623204,5 сом өздүк салым накталай акча каражат катары атайын фонддон бөлдүрүп берүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин билдирүүсүн жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 29-майындагы отурумда каралгандыгы тууралуу бюджет комиссиясынын мүчөсү Ж.Сейдалиеванын сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине кой жуут куруу жана техника сатып алуу үчүн АРИС аркылуу бөлүнүүчү 1869613,5 сом акча каражатына, өздүк салым катары 623204,5 миң сом акча каражатын катары карап берүү жагы атайын фондко сунушталсын.
2. Атайын фондко сунушталган 623204,5 (алты жүз жыйырма үч миң эки жүз төрт ) сом 50 тыйын акча каражатынын суралышы боюнча иш алып баруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |