Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №114
Үч-Терек өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылындагы мурунку союз мезгилиндеги Шопоков совхозунун № 3 бөлүмүнүн,азыркы мезгилде айыл башчынын канторасына согуштун ардагери маркум Качкынбаев Акыштын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Качкынбаев Акыш 1925-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган, улуту кыргыз.17 жаш курагында 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанган,Украина фронтунан Германияга чейинки согуш талаасын басып өткөн, кан жанын аябай душмандар менен салгылашкан. Улуу жеңиштен кийин айылына кайтып келбестен 1945-1947-жылдарга чейин Япон баскынчыларга каршы согушка катышкан..Согуш мезгилинде денесинин ийининен жана эки тизесинен дагы бир канча жеринен жаракаттарды алган. 1947-жылы айылына кайтып келип Жалал-Абад шаарындагы Зооветтехникумун окуп бүтүргөн.Андан кийинки жылдары Үч-Терек жана Шопоков совхоздорунда Зооветеринардык кызматтарда эмгектенип келген.Бир канча Улцц Ата Мекендик Согуштун « За отвагу», «Красная звезда» медалдардын жана башка сыйлыктардын ээси болгон.Үч уул,үч кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп кадырлуу ата болуп 80 жаш курагында 2005-жылы дүйнөдөн өткөн.
Кызыл-Ураан айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, Үч-Терек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетованын сунушун карап жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылындагы мурунку союз мезгилиндеги Шопоков совхозунун № 3 бөлүмүнүн,азыркы мезгилде айыл башчынын канторасына согуштун ардагери маркум Качкынбаев Акыштын ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган канторанын оңдоп түзөө жумуштарын жана айланасын көрктөндүрүп,тазалыгын сактоо иштерин өзү жүргүзүп туруу жагы уулу Качкынбаев Элмирге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин соц.маселелер боюнча комиссиясынын төрайымы Ж.Калманбетовага тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |