Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №115
Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылына курулган спорттук кичи футбол аянтчасынын иштөө тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Ураан айылына жаңы курулган спорттук кичи футбол аянтчасынын келечектеги килемчесинин, башка материалдарынын сакталышын жана оңдоо түзөө иштерин жүргүзүүнү эске алып,футбол аянтчага келип ойноо үчүн төлөнүүчү акынын тарифтерин бекитүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Ураан айылына курулган спорттук кичи футбол аянтчасына келип ойноо үчүн төлөнүүчү акы Кызыл-Ураан айылынын тургундарына саатына 100 (жүз) сом, сырттан келген тургундарга саатына 300(үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Спорттук кичи футбол аянтчасынын иштерине жооптуу адамдын тарифтик негизинде иш алып баруусуна көзөмөл жүргүзүп туруу жагы Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы Э.Качкынбаевга милдеттендирилсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |