Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №117
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айылдарынын 8,0 чакырым аралыгына электр чубалгыларын тартып келүү боюнча керектелүүчү 150400 сом акча каражатын 22221100- статьясынан жумшоого макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген айылындагы жаңы көчөнүн 2,0 чакырым аралыгына 42,4 сом,Саргата айылынын Кодиков,Сатылганов,Бейшебеков көчөлөрүнүн 3 чакырым аралыгына 54,0 сом,Үч-Терек айылынын Мастерской участкасынын 3 чакырым аралыгына 54,0 сом,жалпы сумма 150,4 миң сом керектелет. Үч-Терек айыл өкмөтүнө атайын фонддон 150,4 миң сом айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын эсебине келип түшкөн акча каражатын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222- статьясынан жогоруда көрсөтүлгөн багыттарга жумшоо боюнча айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген,Саргата,Үч-Терек айылдарынын 8,0 чакырым аралыгына электр чубалгыларын тартып келүү үчүн керектелүүчү 150400 (жүз элүү миң төрт жүз) сом акча каражаты Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын 2222- статьясынан жумшоого макулдук берилсин.
2.Аталган акча каражатын максатуу жана өз багытында жумшалышын камсыз кылып,берүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |