Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №118
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айылдык жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планы бекитилсин.(Иш план тиркелет)
2. Үч-Терек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2019-жылга карата иш планын ишке ашырууну камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык комиссиясынын төрагасы Т.Оморовго тапшырылсын.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |
2019-жылдын 03-июнундагы Үч-Терек айылдык
кеңешинин VII- чакырылышынын кезексиз
ХХVI -сессиясынын №118 токтомуна 1- тиркеме
Кыргыз РеспубликаСЫ, Жалалабад облУсУ
Токтогул районУ, Уч-Терек айыл аймаГЫ
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ПЛАНЫ
2019-ЖЫЛ
Үч-Терек айылы
2019-ж.
МАЗМУНУ
1. КИРИШҮҮ 54
2. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ 54
2.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат 54
2.2. А/А боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы 55
3. МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ 56
3.1. Быйылкы жылга шарттуу малдын башы 59
3.2. Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 59
4. БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ 60
4.1. Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү 60
4.2. Даярдалуучу тоюттун көлөмү 63
4.3. Тоют балансы 63
5. ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ПЛАНЫ 65
5.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планы 65
5.2. Мал жайуунун жылдык календардык планы 67
5.3. Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы) 69
5.4. Малдардын ден соолугун коргоо боюнча планы жана эпизотикалык абалы 70
5.5. Жайыттарды жакшыртуу жана өнүктүрүүнүн иш-чаралары 71
5.6. ЖКнын бюджети 72
6. ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ 74
7. МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК Ошибка! Закладка не определена.
8. ТИРКЕМЕЛЕР 74
ШАРТТУУ КЫСКАРТУУЛАР
АА | Айыл аймагы |
АӨ | Айыл өкмөтү |
АРИС | Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги |
КӨЖЫ | Климаттын өзгөрүүлөрүнө жараша ыңгайлашуу |
ВБ | Дүйнөлүк банк |
ВП | Ветеринардыкпалата |
МДСТ | Малдардын ден соолугун коргоо тобу |
ЖД | АЧТММ Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти |
ЖК ЖПБ | Жайыт комитети – ЖПБнын аткаруучу органы катары |
БМ | Бодо мал |
МБ | Мониторинг жана баалоо |
ЖӨБ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
ЖЖ | Жергиликтүү жамаат |
АЧТММ | КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
ЧДТ | Чакан долбоордук тобу |
ЧДС | Чакан долбоордук сунуш |
КЭ | Кой-эчки |
СТФ | Сүт-товардык фермасы |
АӨЭФ ВФКМИРБ | Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы |
РАӨБ | Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
АДИБ | АЧТММга караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү |
ЖПБ | Жайыт пайдалануучулар бирикмеси |
МДК | Малдардын ден-соолугун коргоо |
МРӨД ЖБПЖП | Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планы |
ЖМБЖД | Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоору |
ЖУП | Жасалма уруктандыруу пункту |
МДКП | Малдардын ден-соолугун коргоо планы |
КЗ | Кургак зат |
ШМБ | Шарттуу малдын башы |
ЖВА | Жеке ветеринардык адис |
УМПЖ | Узак мөөнөтткө пайдалануучу жерлер (УДП) |
МТЧ | Мамлкеттик токой чарбасы |
МЖП | Мамлекеттик жаратылыш паркы |
КИРИШҮҮ
Үч-Терек айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) Жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы (ЖБПЖП) Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулар, айыл өкмөтү жана башка кызыкдар тараптар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Токтогул райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылган.
Кыргыз Республикасынын жайыттар боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЖБПЖП жергиликтүү кеңештин сессиясында да каралып чыгып, бекитилген жана Жайыт комитети менен жайыттарды башка максаттарга пайдалануу боюнча тийиштүү келишимдерди түзгөн бардык жайыт билетин алуучулар жана башка физикалык жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Негизги пландын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген деталдуу чакан долбоордук сунуштар, айыл аймактын профайлы (паспорту), жайыт участокторунун абалына баа берүүнүн жыйынтыктары, ж.б.у.с. материалдар планга тиркелген.
Ушул ЖБПЖП кыска мөөнөттүү көрүнүштө жалпысынан жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну, малдардын ден соолугун коргоону жана малды тоюттандырууну жакшыртуу аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жергиликтүү калктын кирешелерин көбөйтүүгө багытталган.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жөнүндө кыскача маалымат
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандан кийин, Уч-Терек А/А аймагында жайыт пайдалануучулардын демилгеси менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, аткаруу органы – жайыт комитети, ал эми Жайыт пайдалануучулар бирикмеси - Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органы катары катталган.
1-таблица
Юридикалык дареги: | Жалалабад облусу, Токтогул району, Уч терек АА, Уч-Терек айылы. |
Эсептешүү эсеби: | №1290123230037522; ОКПО: 27042375 |
Жеке идентификациялык номери: | 01203201010317 |
Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк: | 111146 – 3308 – ТОС Серия Гр № 0061763 12.03.2010-ж. |
Башкаруу структурасы: | Жогорку башкаруу органы–ЖПБ мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу Текшерүү-көзөмөлдөө органы–Текшерүү комиссиясы Аткаруучу орган – Жайыт Комитети. |
ЖӨБО менен ЖПБнын ортосундагы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу жөнүндө келишим (№ жанакүнү) жеЖергиликтүү кеңештин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын ЖПБгаөткөрүп берүү жөнүндө протоколу (№ жанакүнү) |
|
2019-жылда жайыт билеттерин алган жайыт пайдалануучулардын тизмеси | Жайыт билети бар жайыт пайдалануучулардын саны – 88-адам (Тизме 1-тиркемеде берилген) |
А/А боюнча жайыттардын кыскача мүнөздөмөсү жана инфраструктурасы
2-таблица
*Мал жайууга мүмкүн болгон жерлер – Буларга сугат жана кайракы айдоо жерлер, кысыр аңыздар жана көп жылдык бак-дарактар ж.б. кирет, ошондой эле түшүм жыйналгандан кийин гана малдар жайылат (3-табицаны караңыз).
.Үч-Терек айылдык аймагынын жайыт участоктору Карта №1
Толугураак GoogleEarthPro Программасында |
Уч терек А/А жайыт участогунун инфраструктурасы
2-карта
Толугураак GoogleEarthPro Программасында |
МАЛДАРДЫН САНЫ, АЛАРДЫН ЖАЙЫТКА ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРГА БОЛГОН МУКТАЖДЫГЫ
Быйылкы жылга шарттуу малдын башы
2019-жылдын январына каратаУч-ТерекA/A эсептелип чыккан шарттуу малдын башы 13 484 түзгөн (3-таблица). Малдын бир нече түрү багылат, жана алардын ар бир түрүнө карата күн сайын жана ай сайын канча КЗ керектелери эсептелген. Жергиликтүү элдин көпчүлүгү негизинен сүт жана эт өндүрүү үчүн бодо мал кармайт. Сүт базарда жана сүт жыйноочуларга сатылат. Жылкыны кымыз өндүрүү жана айыл чарба жумуштарын аткаруу үчүн багышат.
2019-жылга карата малдын башы жана түрүнө жараша тоюттун керектелиши
3-таблица
Быйылкы жылга жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык
2019-жылдын малдардын түрлөрү боюнча айларга карата жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 4-таблица
2019-жылга карата мезгилдер боюнча жайыт жана даярдалуучу тоюттарга болгон муктаждык 4.1-таблица
2019-жыл ичинде малдын жалпы санын тоют менен талаптагыдай камсыз кылуу үчүн 36 911 тонна тоют керектелет, анын ичинен 23158 тонна жайыт тоюту жана 13 753 тонна даярдалуучу тоюту кирет. Адатта мал жайытка бир жыл ичинде 229 күн жайылат, ал эми кышында 136 күн кармалат.
БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛГА КАРАТА ЖАЙЫТ ЖАНА ДАЯРДАЛУУЧУ ТОЮТТАРДЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ТОЮТ БАЛАНСЫ
Жайыттардагы жана мал жайылуучу участоктордогу тоюттун көлөмү
2019-жылга жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун мезгил боюнча түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу
5-таблица
5-таблицанын уландысы
2019-жылга карата мезгилдер боюнча жайыттардын жана мал жайылуучу участоктордун түшүмдүүлүгү жана сыйымдуулугу боюнча жыйынтыкталган таблица
5.1-таблица[1]
Даярдалуучу тоюттун көлөмү
Колго даярдалуучу тоюттардын түшүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар статистика башкармалыгынан алынды.
2019 –жылга карата дардалуучу тоюттар
6-таблица
1-график
Тоют балансы
Жайыттардын түшүмдүүлүгүнө жана колго даярдалуучу тоюттардын көлөмүнө жүргүзүлгөн анализге ылайык (5 жана 6-таблица), айыл аймакта жайыт жана даярдалуучу тоюттар негизинен бардык мезгилдеринде жетиштүү өлчөмдө экени байкалып турат. Анткени колго даярдалуучу тоюттар үчүн айдоо аянттары айыл аймактын ар бир тургунуна малды багууга жетиштүү өлчөмдөгү жер үлүшү бөлүнүп берилген.
2019-жылга карата ар бир мезгилге жараша тоют балансы
7-таблица
2-график
Уч-ТерекА/А мал жайуу системасына 24 участок же 5 мал жайууну башкаруу зонасы (коктулар) кирет. Ар бир коктуда талаа жана шалбаа-талаа жерлери бар. Жайыттын түшүмдүүлүгү 1 чарчы жайыт жеринен “Чөп чабуу” ыкмасынын негизинде аныкталды.Жайытка жайууга уруксат берилген ченемдер 60% түзөт, бирок Уч-Терек А/А жүргүзүлгөн анализде “жарымын алуу жана жарымын калтыруу” белгилүү стандарты колдонулат. Анализ көрсөткөндөй, талаа жана шалбаа-талаа жайыттарында жайытка жайуунун 50% дык уруксат берилген ченемин колдонууга тоюттун түшүмдүүлүгү бардык мезгилинде жетиштүү. кыш мезгилинде болсо колго даядалуучу тоют жетиштүү болгондугуна байланыштуу жайытка жөн гана малдарды сергитүү үчүн жайылышы мүмкүн, ошндой эле кээ бир ири фермерлер малдарды жайытка чыгарып, колдон кошумча тоют берүү менен кыш мезгилинен чыгышат.
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ПЛАНЫ
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планы
А/А жайыт пайдалануучулары көпчүлүк жайыт участокторун 2-3 мезгилди бир пайдаланышат, ал эми айрым участоктор жыл бою пайдаланылат. Айыл аймагынын тургундары жайыт жерлеринен тышкары айыл чарба жерлердин башка категорияларын дагы мал жайуу участоктору катары пайдаланышат (түшүм жыйналгандан кийинайдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар отургузулган, короонун жанындагы жерлер, бадал өсүмдүктөрү, ошондой эле айдалган айдоо аянттары жана башка жерлер).
Төмөнкү 8-таблицада А/А боюнча мал жайуу участоктордун аталышы жана аянты, ошондой эле мал жайылуучу участоктордун пайдалануу мезгилдери көрсөтүлгөн (анын ичинде жайыттардан башка айыл чарба жерлери айдоо, аңыздар, бак-дарактар бар).
Жайыт пайдалануунун учурдагы жана учурдан кийинки пландоо системасы
8-таблица
8-таблица (уландысы)
Эскертүү:жайыт тоюттарынын жалпы көлөмүн пландоо жана эсептөө учурунда жайыттардымезгил боюнча пайдалануунун жыштыгы, анын ичинде мал жайуу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категорияларыэске алынган. Натыйжада, жайыттардын мезгил боюнча пайдалануу аянты көбөйүүдө.
“Жайыт пайдалануучуларды которуштуруп жайгаштыруу” таблицасы менен тереңирээк таанышуу үчүн 8-таблицага курсорду алып барып, чычкандын оң жагындагы баскычын басып, «Объект лист – Открыть» - деген аракетти жасоо менен Excel форматындага таблицанын 2-чи барагынан же ушул документтин эң аягындагы 5-тиркемесинен көрө аласыз
Мал жайуунун жылдык календардык планы
Уч-Терек А/А мал жайуу участокторун пайдалануу планы жана мал жайуу графиги
Мындан тышкары, ЖК мал жайуу графигин иштеп чыккан. Бул графикте ар түрдүү участоктордо мал жайуу тартиби, болжолдуу күндөрү жана мезгили белгиленген. Мал жайуу графиги Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча божомолун (бир айга божомол, 3 суткага божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертүү) эске алуу менен түзүлөт. Бир айга божомол, иш учурунда, 3 күндүк божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу жайыттар боюнча берилген эскертүүлөр менен такталат.
Мал жайуу графиги мал жайуу схемасынын ажырагыс бөлүгү болу эсептелинет (8.1-таблица).
Мал жайуу графигин бир нече жыл бою колдонуу жайыттардын абалын жакшыртуу макстанда мал жайууну пландоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча Жайыт комитетин иштиктүү курал менен камсыздайт. Жайыт комитети тарабынан аныкталган жана жайыт пайдалануучулар менен макулдашылган жайыт участокторунда мал жайуу мөөнөтүн Айылдык кеңеш бекитет.
ЖАМжБЖ (Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү) жана жайыттардын жүгүн төмөндотүүдө малдарды которуштуруп жайгаштыргандан кийинки мал жайуунун жылдык календардык планы
Таблица №8.1
Жылдык иш-чаралар графиги (ЖКнын операциондук планы)
9-таблица
№ | Иш-чаралар | Айлар | Жооптуулар | |||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | |||
1 | Жайыт пайда-лардын жылдык чогулушу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
2 | А/А катталган малдарды тактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| А/Ө, ЖК |
3 | Мезгил боюнча жайытка чыгуучу малдарды тактоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
4 | ЖБПЖПны иштеп чыгуу, ЖПБ жана РАӨБдүн жалпы чогулушунда талкуулоо жана макулдашуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК/ЖПБ |
5 | ЖБПЖПны АК сессиясында бекитүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК/АК |
5 | Жайыт пайда-лар менен келишим түзүү, жайыт билеттерин берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
6 | Жайыт участокторунун абалына мониторинг жүргүзүү жана баалоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК/ МБТ |
7 | Ветеринардык- профилактикалык иштердин аткарылышын контролдоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК, ЖДСТ |
8 | Бруцеллез, лейкоз жана лептоспирозга изилдөө үчүн кандын үлгүсүн алуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖВ |
9 | Аллергиялык метод менен (байкоо иретинде теринин алдына) туберкулинизация жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖВ |
10 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-чаралар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
11 | Мезгил боюнча малды которууну уюштуруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
12 | Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акыны жыйноо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
13 | ЖК/ЖПБнын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн окутуулар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ЖК |
Малдардын ден соолугун коргоо боюнча планы жанаэпизотикалык абалы
Эпизотиялык абалга кыскача мүнөздөмө
ВФКМИ жана ЭЭБдин веб-сайттарында жайгашкан расмий маалыматтын анализине таянсак, малдар дагы да болсо жугуштуу ылаңдардан жабыркап келишет. Алардын кесепетинен малдын азыктуулугу төмөн болуп, мал чарбачылыгына көз каранды болгон үй-бүлөлүк бюджетти толуктоодо фермердик чарбаларга жана үй чарбаларына олуттуу экономикалык зыян келтирилүүдө. Мындай абал бир катар жугуштуу жана инвазивдик ылаңдардын козгогучтарын өрчүтүүгө шарт түзгөн региондордун табигый-климаттык шарттарынын өзгөчөлүгүнө, жаныбарларды багуу жана кармоо талаптардын бузулгандыгына байланыштуу.
Малдардын ээлерин жана малдардын ден соолугун коргоо боюнча ветеринардык кызмат көрсөтүүчү ветеринардык адисти сурамжылоо, ошондой эле лабораториялык анализдин жана ушул айыл аймактагы мамлекеттик ветеринардык кызматтын отчетторун изилдөөнүн жыйынтыктары бул айыл аймактын аймагындагы мал айрым жугуштуу ылаңдар менен маал-маалы менен ылаңдап тургандыгын көрсөтүп турат. Бул ылаңдардын ичинен гиподерматоз (сайгак), мониезиоз, фасциолез, псУч-Терекптоз (котур) жана башка айрым оорулар жыл сайын катталып турат. Мындан тышкары, табигый очоктору бар же жаныбарларды тоюттандыруу жана багуу эрежелери бузулганда пайда болуучу бир катар жугуштуу ылаңдар да кездешет. Алардын алдын алуу үчүн белгиленген пландуу иш-чараларды өткөрүү талап кылынат. Токтогул районундагы Уч-Терек айыл аймагынын малдардын ден соолугун коргоо планы ушулардын баарын эске алуу менен беш жылга түзүлгөн.
Малдардын ден соолугун коргоо боюнча планы
Жеке ветеринардын МДКП |
Жайыттарды жакшыртуу жана өнүктүрүүнүн иш-чаралары (инвестициялык план)
Фокус топторду сурамжылоонун жыйынтыгы менен аныкталган жана ЖПБнын жалпы чогулушунда жактырылган өнүгүүн багыттары (№ 10 таблицаны караныз).10-таблица
ЖКнын бюджети
Чыгаша бөлүгү 11-таблица
Киреше бөлүгү
Иштелип чыккан бюджет жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда талкууланат жана Уч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Жайыт пайдалануу акысы жалпы чогулушта жана айылдык кеңеш менен макулдашылгандан кийин жайыт пайдалануу акысынын көлөмү ар бир жайыт билеттин ээси үчүн малдын түрү боюнча аныкталат. Жайыт жерлерин пайдалануу акысы жайыт билетинде көрсөтүлөт.
А/А боюнча малдын ар бир түрүнө жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акынын эсеби төмөндө берилген:
- Бодо мал – 76 сом,
- Жаш бодо мал (1 жашка чейин) – 0 сом,
- Жылкы – 76 сом,
- Жаш мал (жылкы 1 жашка чейин) – 0 сом,
- Кой-эчки – 15 сом
2019 –жылы жайыт пайдалануучуларга 6 жайыт билетин берүү пландалууда.
Жайыт комитети жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн стандарттуу графигин ЖПБнын накталай акча каражаттарынын зарыл агымынын, жайыт пайдалануучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана административдик жөнөкөйлөтүүнүн негизинде белгилеши керек.
ЖПБ/ЖКнын ИЧКИ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Уч-Терек А/А
жергиликтүү кеңешинин сессиясында
20___жылдын «___» ________
№____ токтому менен
«Бекитилген»
М.Ө.
ЖПБ/ЖКнын ички эрежелери
Мал жайуу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.
Ветеринардык палатада катталган жергиликтүү ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
Малды Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жайууга (мал жайуу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).
Жайыт мезгили 1 апрелде башталат.
Күзгү жайыт мезгили 15 ноябрда аяктайт, климаттын шарттарына жараша 30 ноябрга чейин узартылышы мүмкүн.
Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүшү шарт.
Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 25-майдан 30-майга чейин жүргүзүлүшү керек.
Ортоңку күзгү жайыттарга болжолу менен 20-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго түшүм жыйналгандан кийин 1-октябрьдан баштап көчсө болот.
Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
А/А, ЖК нын адистери жеке малчы/чабандар менен биргеликте 20-апрельден баштап саан малды жаюу уюштурулат.
Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, айыл ичинде 1 жумушчу ат, саан уйлар, 3-5 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы шарт.
Башка учурларда бардык жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлөт, жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жайуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык төлөнөт.
МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгү жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды жана айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн документтерди сотко берүүгө укугу бар.
Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтүлгөн төлөмдүн жалпы көлөмүнөн ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5 % өлчөмүндөгү туум алынат.
Эгерде айылда 1 аттан, саан уйлардан, 3-5 койдон ашык мал калтырылса, төмөнкү чаралар колдонулат: Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими боюнча малдын ар бир башына 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе, алгачкы жолу ооз эки эскертүү берилет, андан кийин:
Бодо малга биринчи жолу 250 сом экинчи жолу-500 сом өлчөмүндө айып салынат.
Майда малга биринчи жолу 50 сом, экини жолу 100 сом өлчөмүндө айып салынат.
Эреже бузуу кайталанган учурда, келтирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жайуу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга, бодо малдын ар бир башына – 250 сом, майда малга – 50 сом өлчөмүндө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
ТИРКЕМЕЛЕР
№ | Тиркемелердин аталышы | Документ | Эскертүү |
1 | Жайыт пайдалануучулардын тизмеси |
| |
2 | Малдардын тирүүлөй салмагын аныктоо боюнча жыйынтыктары |
| |
3 | А/А жайыттарынын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары |
| |
4 | КР “Кайчылаш сызыктар” ыкмасы менен жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү колдонмосу. |
| |
5 | Жайыттардын басымын төмөндөтүү үчүн жайыт пайдалануучуларды которуштуруу |
| |
6 | Башка максаттарга пайдаланууга берүү боюнча типтүү келишимдин үлгүсү (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы N 515 токтому мененбекитилген) |
| |
7 | Жайыт билетинин типтүү формасы (КР Өкмөтүнүн2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген) |
| |
8 | ЖБПЖПдагы Excel форматында иштелип чыккан бардык таблицалары |
|