Загрузка документа…
ҮЧ ТЕРЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 03-июну №120
Үч-Терек айылдык кенешинин депутаттары тарабынан айтылган суроо талаптарды сунуштарды бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айылдык кенешинин депутаттары тарабынан айтылган суроо талаптарды сунуштарды бекитүү жөнүндө Үч-Терек айылдык кенешинин кезексиз ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылдык кенешинин кезексиз ХХVI сессиясы депутаттар тарабынан айтылган суроо талаптардын, сунуштардын иш чарасы бекитилсин.( Иш чара тиркелет)
2.Иш чаранын аткарылышы боюнча тийешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте чечип аткарылышы боюнча билдирүү берүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы коомдук башталыштагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |
Үч-Терек айылдык кенешинин VII- чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясында айтылган суроо талаптардын сунуштардын
ИШ ЧАРАСЫ:
№-№ | Аты,атасынын аты. | Суроо талаптардын сунуштар-дын кыскача мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат |
1. | Султанкулова Нурийлакан
| 1.Салаев орто мектебинин спорт залы тиешелүү түрдө толук бүтпөгөндүктөн документине мектептин директору Н.Салаева кол койуп өткөзүп алган эмес, каралбай ортолукта калып жатат ушуну мектептин балансына же айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берсеңер. 2.Таза суу биздин Жетигенде мыйзамдуу курулган эмес,суу шлангалар менен ар кайсы жакка кирип кеткен,кап ремонко кайра берсек.Акчасы жан башына бекитилген,кайрадан түтүнгө эсептелип берилсе. | 2019-ж ичинде | Айыл өкмөт |
2. | Акаев Алмаз | Баардык айылдарда таза суулар сакталган суу сакталгычтардын жерлери көйгөйлүү болуп жатат ,ушуларга социалдык маселе көтөрүлсө. | 2019- жыл ичинде | Айыл өкмөт |
3. | Калматов Нурбек | 1. Кечеки Жогорку Кеңешке барган убактыбыз текке кетпесин,жазылган каттарды толуктап тезирээк кетирсек | 2019- жыл ичинде | Айылдык кеңеш |
4 | Кулманбетов Зыпарбек | 1.Кара-Суу көлундө «Алатай» паркынын иш алып баруусуна эл каршы биз VII- чакырылыштын депутаттары дагы макул эмеспиз. | 2019- жыл ичинде | Айыл өкмөт |
Үч-Терек айылдык кеңештин төрагасы: | А.Акаев. |