Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну.№20/1
Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спорттук жана тренажердук шаймандарды сатып алуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча профилактика жана эффективдүү башкаруу” кичи гранттык программасынын негизинде “Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спортук жана тренажердук шаймандарды алуу” үчүн өткөрүлгөн долбоор боюнча айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Жолдошбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ден-соолукту чыңдоочу жай жана дарылоочу дене тарбиядан Комсомол айлындагы 16 жаштан жогорку бардык курактагы жана бардык жыныстыктагы адамдардар ден-соолуктарын чыңдашары белгиленсин
2. 16 жаштан жогорку адамдардын ден-соолуктарын чыңдоо үчүн гранттык түрдөгү акча каражаттан Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спортук жана тренажердук шаймандарды алууга уруксат берилсин
3. Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спорттук жана тренажердук шаймандарды сатып алуу үчүн Ассоциация Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринен суралып жаткан 1150000 (бир миллион жүз элүү миң) сомдун 13%ти 150000 (жүз элүү миң) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин жана 6% ти 62947 (алтымыш эки миң тогуз жүз кырк жети) сом элдин жумуш иштери менен бүткөрүлсүн
4.“Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча профилактика жана эффективдүү башкаруу” кичи гранттык программасынын негизинде келип жаткан акча каражатын максаттуу пайдалануу, жүргүзүлөө турган иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Жолдошбек уулунуна тапшырылсын
Төрага: | Р.Эсекеев. |