Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын11-июну.№20/2
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдын атайын каражаттардын эсебине кошумча планы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча профилактика жана эффективдүү башкаруу” кичи гранттык программасынын негизинде “Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спортук жана тренажердук шаймандарды алуу” үчүн өткөрүлгөн долбоорго ылайык Ассоциация Кыргызстан айылдык ден-соолук комитеттеринен суралып жаткан 937053 сом жана ɵздʏк салым болгон 11619 сом , баардыгы 948672 сом акча каражаты ʏчʏн Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019 -жылдын атайын каражаттардын эсебине кошумча план бекитип берʏʏ жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31- беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019- жылдагы атайын каражаттар эсебинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
Атайын каражаттар эсебине
1.Комсомол айылындагы ден-соолук чыңдоочу спорт залдын ремонт иштерине, спорттук жана тренажердук шаймандарды сатып алуу үчүн акча каражаты 948672 сом
Чыгаша бөлүгүнө
2 Ар кандай каражат учун 948672 сом
Баары 948672 сомго кошумча планы суралып бекитилсин.
2. Кошумча бөлүнүп берилген айыл өкмөттүн эсепкорундагы акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Төрага: | Р.Эсекеев. |