Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну.№1
Чаек айыл аймагындагы ич-ара каттамында жургөн таксилердин бааларын бекитүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы ич-ара каттамында жүргөн таксилердин бааларын бекитүү үчүн Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаек айыл аймагындагы ич ара каттамында жүргөн таксилерге мектеп окуучулары 10 сомдон,жарандар 15 сомдон төлөшсүн.
2.Чаек айыл аймагындагы ич ара каттамында жүргөн таксилердин ээлери чашка тагып айдоого,патент төлөөгө,страховой полюс алууга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | З.Ү.Бозбалаев. |