Загрузка документа…
КЕТМЕН ДӨБӨ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 04-сентябры №93
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Арык айылына кичи футбол аянтчасын жана күрөш залын курууга жер тилкесин чектеп берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Арык айылына кичи футбол аянтчасын жана күрөш залын куруу жөнүндө аталган айылдын тургундары демилге көтөрүп, элдик жыйын өткөрүлүп протокол жазылып тийиштүү чечим кабыл алынган.
Элдик жыйындын чечимин бекитип берүү жөнүндө айылдык кеңштин сессиясынан суранышкан. Элдик жыйындын протоколунун чечимин негиздеп жана кабыл алынган чечимдерин карап жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык Кеңешинин 2019-жылдын “4” сентябрындагы XVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Арык айылына жалпы жашоочулардын атынан айылга кичи футбол аянтча жана күрөш залын куруу жөнүндөгү жыйындын протоколунун чечимдери колдоого алынсын.
2. Кичи футбол аянтчасын жана күрөш залын куруу үчүн Чоң-Арык айылындагы муниципалдык жеринен 2000 чарчы метр жер аянты бөлүнүнүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Чоң-Арык айылына кичи футбол аянтчасын жана күрөш залын куруу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Өздүк салымдын көлөмү 500 000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
6.Бул токтом www.ketmendobo.com. сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы: | О.Көксариев. |