Загрузка документа…
БАГЫШ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели №14
Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу комплексиндеги бала бакчага тамак-ашы үчүн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин кошумча киреше эсебинен бөлүп берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу комплексиндеги бала бакчага тамак-ашы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин кошумча киреше эсебинен бөлүп берүү максатында Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу комплексиндеги бала бакчадагы 2 тайпадагы 60 балага 18 сомдон 240 күнгө 259,200 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Саражиев. |