Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 –жылдын 26-августу №30/3
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын аткарган иштери жөнүндө маалыматарын угуу
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2018-жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгында шаардык мекеме-ишканалар аткарган иштери боюнча жетекчилеринин маалыматарын угуп талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңеши депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмү (мектептер, бала бакчалар жана балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты, ошондой эле мектептердин жаңы окуу жылына болгон даярдыгы боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси И.Ходжамбердиевдин 2019-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Б.Маткаримов. |