Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №30/4
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 14.08.2019-жылдагы № 1-12/535 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкесин шаардын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.
2.Көк-Жаңгак шаарындагы Шахтерская көчөсүндөгү № 18 үйүнүн 477 м.кв. жер тилкесине кайра мечит куруу үчүн уруксат берилсин.
3.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Б.Маткаримов. |