Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №30/5
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/512 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/512 кайрылуу катын карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Комсомол көчөсүндөгу номери жок 0,3013 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Рабочий көчөсүндөгу номери жок божомол 4,0 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.
3. Көк-Жаңгак шаарындагы Токтогул көчөсүндөгу номери жок 0,74 га жер тилкеси шаардын муниципалдык менчигине алынсын.
4.Тиешелүү иш кагаздарын тактап шаардык муниципалдык реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Б.Маткаримов. |