Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-августу №30/6
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 06.08.2019-жылдагы № 1-12/513 жана 14.08.2019-жылдагы № 1-12/ 527 кайрылуу каттары жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан 0,33 га жер аянтын жана Т.Мамытов көчөсүндөгү жайгашкан 0,10 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХХ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Жаңгак шаарындагы Ынтымак көчөсүндө жайгашкан 0,33 га жер аянты шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарындагы Т.Мамытов көчөсүндөгү жайгашкан 0,10 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаардык мэриянын муниципалдык менчигине бекитип берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Б.Маткаримов. |