Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №1
1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча бюджеттин аткарылышы
1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XI сессиясынын күн тартибине каргизилген 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин жана бул маселе боюнча бюджет, экономика жана ишкерлерди өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап 1-Май айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө берген отчету кабыл алынсын.
Өткөн 2018-жылда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн негизги беренелери боюнча белгиленген план-тапшырмаларды ашыра аткарууну камсыз кылгандыгы жана бул багытта айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин, финансы-экономика бөлүмүнүн жана салык кызматкерлеринин жакшы иш жүргүзгөндүгү баса белгиленсин.
2. 1-Май айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевдин отчету кабыл алынсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү сессияда бекитилген тизменин негизинде чыгымдалышын камсыз кылуу, өзгөртүүлөр болгон учурда ар бир квартал сайын депутаттардын кароосуна сунуш кылуу 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү 1-Май айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |