Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №2
1-Май айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды“Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” 2019-жылдын 11-январындагы №1 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары З.Өмүрбеков менен А.Кожоновдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүүжана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш план колдоого алынсын.
2. Иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |