Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-февралы №3
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу максатында 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын угуп жана талкуулап, айылдык Кенештин депутаттары А.Нурматов жана А.Балтабаевдин сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2019-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык программасы колдоого алынсын.
2. 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде ар бир пункт боюнча аткарылуучу иштерди өз мөөнөтүндө аткаруу колго алынсын.
3. 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финасы-экономика бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |