Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели №2
Ала-Бука–Шекафтар автожолунун асфальт басылбаган 15 км жерин1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш жана Сумсар айыл өкмөттөрүнүн жана райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен асфальттоого макулдук берүү жөнүндө
Айылдык Кеңешке ушул күнгө чейин жолду асфальттоонун долбоору, долбоордун мамлекеттик экспертизалоодон өткөндүгү, курулушка уруксат берүүчү эч кандай уруксатнаамалары, архитектуралык пландоо шарттары, инженердик техникалык шарттары келип түшпөгөн. Ошондой эле жолду асфальттоо боюнча демилгечилер да аталган документтердин көчүрмөлөрүн беришкен эмес. Бул үчүн убакыт керек экендиги белгиленди.Жогорку маселе боюнча депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бул маселени коёшулаш Көк-Серек, Көк-Таш жана Сумсар айыл өкмөттөрү жана айылдык кенештери колдоого алып, тиешелүү акча каражаттарын бөлдүрүү менен бардык пландаштырылган иштерди бирдей өлчөмдө бүткөрүүгө аракет кылганына карата акыркы чечим кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын жолдор жана транспорт министрлиги тарабынан даярдалган долбоордон 1-Май айыл өкмөтүнө ылайык бөлүнүп берилиши суралсын.
3. Орток-Бел автоунаа жолунун 15 км. аралыгын асфальттоо боюнча маселе Айылдык Кеңеште төмөндөгү документтер келип түшкөндө кайрадан кезексиз, чукул каралары белгиленсин:
1. 1-Май айыл өкмөтү тарабынан асфальттанат деген участканын (2-3 км.) проекттик сметалык документациясы (ПСД)
2. ПСДнын мамлекеттик экспертизалоодон өткөндүгү жөнүндө тийиштүү органдын корутундусу
3. Жолдун топографиялык сьемкасы
4. Архитектуралык пландоо шарттары (АПУ)
5. Инженердик техникалык шарттары (ИТУ)
6. ПСДнын привязкалары
7. Курулушка уруксат берген тийиштүү органдын уруксатнаамасы (разрешение на строительство)
4. Жолду асфальттоо боюнча демилгечилерге жана айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге тез арада жогорудагы документтерди Айылдык Кеңешке алып келип, тапшыруусу милдеттендирилсин.
5. Жогоруда аталган документтер Айылдык Кенешке келип түшкөндөн кийин гана аталган долбоорго акча каражатын Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондунан ажыратуу жана аталган маселени артыкчылыктуу долбоор деп табуу жөнүндө маселе кезексиз, чукул өткөрүлүүчү сессияда каралаары белгиленсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүөзүмө калтырамын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |