Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-апрели №3
Айры-Там Тазалык муниципалдык ишканасынын акы алып коммуналдык кызмат көрсөтүүсүнүн наркына макулдук берүү жөнүндө
“Айры-Там Тазалык” муниципалдык ишканасынын акы алып коммуналдык кызмат көрсөтүүсүнүн наркына макулдук берүү максатында “Айры-Там Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Нурматовдун кайрылуусу менен 1-Май айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айры-Там Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жыл акы алып коммуналдык кызмат көрсөтүүсүнүн наркы белгиленсин.
2. Эсепти негиздөөчү материалдардын тактыгына “Айры-Там Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору А.Нурматовдун жоопкерчилигине жүктөлсүн
3. Бекитилген бааларды эки күн ичинде “Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде келишим түзүүчулөргө маалымдоо үчүн көрүнүктүү жайга жайгаштырсын.
4. Акы алып коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн наркы белгиленген күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы 1-Май айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |