Загрузка документа…
1 МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-августу №1
Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет катары тандап алуу сынагына катышуу жөнүндө
Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет катары тандап алуу сынагына активдүү катышуу жана пилоттук муниципалитет катары тандалып алуу үчүн тийиштүү аракеттерди көрүү максатында 1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет катары тандап алуу сынагына активдүү катышуу жана пилоттук муниципалитет катары тандалып алуу үчүн тийиштүү аракеттерди көрүү максатында кызматташуучу муниципалитет катары Көк-Серек айыл Өкмөтү бекитилсин.
2. Көк-Серек айылдык Кенешине 1-Май айыл Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан 1-Май жана Көк-Серек айылдык аймактарында түнкү жарыктандырууларга, билборддорго, эстелик-монументтерге учурунда кам көрүү жана иновациялык ыкмаларды колдонуу менен үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу» кызмат көрсөтүү идеясынын алкагында Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча агенттиги аркылуу каржыланып, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет катары тандап алуу сынагына 1-Май айыл Өкмөтү менен муниципалитеттер аралык кызматташуу жагын кароо жана бекитүү сунушталсын.
3.Айыл Өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге сынакка катышуу үчүн зарыл документтерди иштеп чыгуу жана тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Абдырайымов. |