Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №30
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Кыргыз Республикасынын “Ардактуу атуулу” наамын жана “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунуштарды кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо райондук Саламаттык сактоо системасында көп жылдан бери талыкпай эмгектенип келе жаткан үзүрлүү эмгеги үчүн саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери Умаров Адина Кыргыз Республикасынын “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Саламаттыкты сактоонун өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку профессионалдуулугу үчүн Мамырова Каныш Мөкүшовна, райондук суу чарбасында көп жылдык сиңирген эмгеги жана жетишкен ийгиликтери үчүн ардагер Молдорайымкулов Турарбек, “Бирдиктүү мекеним - Жаштар кыймылы” коомдук уюмун түзүп, райондун аз камсыз болгон үй бүлөлөрүнө социалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн Ашырбаев Таалай Дүйшенович, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуудагы сиңирген эмгеги үчүн милициянын подполковниги Токсонбаев Майрамбек Болотович, Улуттук жана эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын үч жолку чемпиону Турдалиев Тынчтыкбек Тагайбекович, районубуздун социалдык–экономикалык абылын көтөрүүгө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Акулиев Эмиль Оңолович жана көп жылдык сиңирген эмгеги үчүн Тогуз-Торо РЭТнын ардагери Жусупбеков Жээналы Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |