Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №31
Каргалык айыл аймагындагы Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын өзгөртүү жөнүндө
Каргалык айыл аймагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын өзгөртүп берүү жөнүндө Каргалык айыл өкмөтүнүн проектилер боюнча иш алып барып жаткан адиси А.Окенованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамына: Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тотуев Жээнбек, “Айдай” бала бакчасынын башчысы Курманбаева Анарбү, Каргалык айылдык кеңешинин депутаты Молдожунусов Рустамбек Отунчиевич жана Чет-Булак айылынын клуб башчысы Апиев Таалайлар өзгөртүлүп киргизилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |