Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №32
Муниципалдык менчик объектисин ижарага берүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15, 19-беренесине, айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Казарман айылындагы Ж.Кыдыров атындагы эс алуучу паркы ижарага берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго Тапшырылсын
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |