Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №33
Видеокөзөмөл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата жана аларды ишке ашыруу максатында долбоорду Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо үчүн Каргалык айыл өкмөтүнүн 31.07.2019-жылдагы чыгыш №517 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын көчөлөрүнө жана объектилерге 11 даана көзөмөл (видео наблюдения) жабдууларын алуу үчүн 380,0 миң сом акча каражаты Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб - сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт,байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Базаркулов Толкунбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |