Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-августу №34
Долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө
Каргалык айыл аймагында долбоорлорду ишке ашыруу жана Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусуна сунуштоо максатында, Каргалык айыл өкмөтүнүн 31.07.2019-жылдагы чыгыш №516 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы Макмал орто мектебинин чатырчасын жабуу үчүн 4202,0 миң сом акча каражаты Жалал-Абад областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб - сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Базаркулов Толкунбекке тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |