Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №39
Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын 2019-жылдын 6 айында бюджеттин чыгаша, киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн 2019-жылдын алты ай ичинде бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгү боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери жактырылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 12086,2 мин сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 12086,2 сом болуп, 13995,0 мин сомго, же болбосо 115,8 пайызга, башкача айтканда, 1 908,8 миң сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 13547,5 миң сомго бекитилип, такталган план боюнча 13547,5 миң сом болуп, кассалык чыгым 12610,5 миң сом, тактап айтканда, 93,1 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |