Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №40
Каргалык айыл өкмөт башчысынын 2019-жылдын алты айында аткарган иштери тууралуу отчету
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2019-жылдын алты ай ичинде айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы боюнча Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл өкмөтүнө сырт жактан инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
3. Күзгү оруп - жыйноо өнөктүгүнө карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы боюнча көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. “МТС” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдагы аткарган ишинин ишмердүүлүгүн толугу менен кароо боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн жана комиссиянын жыйынтыгы сессияга чыгарылсын.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |