Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №41
Каргалык айыл өкмөтүнүн 08.08.2019-жылдагы №545 катын кароо жөңүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин Каргалык айыл өкмөтүнүн 08.08.2019-жылдагы №545 катын кароо жөңүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо акы үчүн 14151200 беренесине 2424,7 миң сом отургузулсун.
2, Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн кирешеден ашык түшкөн киреше салыгынын планына 11111110 беренесине 796,3 миң сом отургузулсун.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн транспорт салыгынын планына 11312110 беренесине 275,4 миң сом отургузулсун.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 3496,4 мин сом кошумча планга отургузулсун.
5. Башкаруу тармагынын чыгаша боюнча планына 2111 эмгек акы беренесине 514,8 миң сом, 2121 социалдык төлөм беренесине 49,5 миң сом, 2215 ар түрдүү беренеге 120,0 миң сом, 2231 беренесине коммуналдык тейлөөгө 314,0 миң сом, 2215 беренесине ар кандай чыгым 510,6 миң сом, 2721 беренесине социалдык маселелер боюнча 191,0 миң сом, 2824 беренесине резервдик фонд 93,5 миң сом, 3111 беренесине курулуш боюнча 40,0 миң сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 165,0 миң сом, жалпы 1998,4 миң сом бөлүнүп берилсин.
6. Бала-Бакча тармагы боюнча чыгашага кошумча планына 2212 байланыш чыгымдарына 30,0 миң сом 2218 тамак - аш беренесине 1107,6 миң сом, 3112 машина жабдуу беренесине 260,4 миң сом, жалпы 1 398,0 миң сом планга отургузулуп берилсин.
7. Мектептер тармагы боюнча 3112 машина жабдууларды алуу беренесине 100,0 миң сом, жалпы 3496,4 миң сом акча каражаты чыгаша бөлүгүнө кошумча планга отургузулсун.
8. Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХ сессиясынын 28.12.2018-жылдагы №82 токтомунда 2721 беренесинде каралган майрамдык иш-чараларды бухгалтердик беренелерге өзгөрүү кирип, берене алмашкандыгына байланыштуу кийинки кварталдар үчүн майрамдарга каралган 111,0 миң сом акча каражаты ар кандай чыгым беренесине жылыштырылып берилсин.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
11. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |