Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №42
Долбоорго катышуу жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтү муниципалитеттер аралык кызматташууга катышуу долбоору жактырылсын.
2. Швецария Өкмөтү тарабынан түзүлгөн жана каржыланган ХЕЛЬВЕТАС жана Өнүктүрүү Саясат Институту тарабынан аткарылган “Жергиликтүү” деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун экинчи фазасына пилоттук муниципалитет сынагына катышууга өтүнмө берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |