Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №43
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына “Тогуз-Торо районунун Ардактуу атуулу” наамын берүү тууралуу сунушту кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Районубуздун коомдук-маданий тармактарына кошкон зор салымы жана ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн Атыкулов Замирбек Самаганович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |