КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
2019-жылдын 13-августу №44
Социалдык жактан коргоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык жактан коргоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө Каргалык айыл өкмөтү менен Тогуз-Торо райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ башчысы Э.Кашкариевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |