Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №45
Макмал айылындагы посттон “Чаар-Таш”, “Кызыл Дөбө” участкаларына өтүүчү жолду ачып берүү жөнүндө
№1 Чет-Булак шайлоо округунан шайланган депутат Кайыпбеков Азизбек Бабырэшеновичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Макмал айылынан “Чаар Таш”, “Кызыл Дөбө” жайлоолоруна каттап жаткан малчылар посттон өтүү маалында ар кандай тоскоолдуктарга кабылып, чыр-чатактардын орун алып жаткандыгы белгиленсин..
2. Макмал айылындагы посттон “Чаар Таш”, “Кызыл Дөбө” жайлоолоруна өтүүчү жарандардын токтоосуз өткөрүлүп туруусун камсыз кылуу жагы “Макмалголд компани” биргелешкен ишкананын аткаруучу директору А.Ж.Тумановго тапшырылсын. .
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |