Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №46
Макмалголд компани” биргелешкен ишканасынын бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
№2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Токтоболотов Таалайбек Ымановичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Макмалголд компани” биргелешкен ишканасынын бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча курамы 9 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына; туруктуу комиссиялардын төрагалары И.Т.Даткаев, У.М.Молдобеков, Т.Ы.Токтоболотов, Т.Д.Базаркулов жана депутаттар: Ж.С.Эсеналиев, Н.Азисбек уулу, К.М.Мамырова, А.Б.Кайыпбеков жана Э.Т.Турдалиевдер бекитилсин.
3. Депутаттык комиссиянын ишин жетектеп алып баруу үчүн комиссиянын төрагалыгына Эсеналиев Жыргалбек Сабыржанович бекитилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |