Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №47
Райондук “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн карап чыгуу тууралуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
№2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан иши боюнча курамы 5 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына; туруктуу комиссиялардын төрагалары И.Т.Даткаев, У.М.Молдобеков, Т.Ы.Токтоболотов, Т.Д.Базаркулов жана депутат К.М.Мамыровалар бекитилсин.
3. Депутаттык комиссиянын ишин жетектеп алып баруу үчүн комиссиянын төрайымы болуп Мамырова Каныш Мөкүшовна бекитилсин.
4. Депутаттык комиссия бир айлык мөөнөттө ишти карап бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |