Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-августу №48
МТС муниципалдык ишканасынын 2019 жылдагы аткарган ишин толугу менен кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
№3 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Эсеналиев Жыргалбек Сабыржановичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “МТС” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдагы аткарган ишин толугу менен кароо боюнча курамы 7 кишиден турган депутаттык комиссия түзүлсүн.
2. Каргалык айылдык кеңеши тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамына; «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын курамы жана депутаттар: А.Б.Кайыпбеков, М.К.Аалиев жана Э.Т.Турдалиевдер бекитилсин.
3. Бул комиссиянын төрагалыгына туруктуу комиссиянын төрагасы Молдобеков Улугбек Молдобекович бекитилсин.
4. Депутаттык комиссияга 2019-жылдын 10-сентябрына чейин карап бүткөрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |