Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 1
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XXIII сессиясы, айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы У.Бегбаеванын, Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-2021-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-2021-2022-жылдарга карата Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга киреше булагы болжолдуу суммасы 8246,6 сомго жана 2021-жылга болжолдуу 16741,11 сомго, 2020-жылга 16393,11 сомго бекитилсин.
3. 2020-2021-2022-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы З.Д.Мамасадыковго жана каржы экономика бөлүмүнүн башчысы У.Бегбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджет, каржы,экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Э. Мансиркулов
|