Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы №6
Поварёнок” жоопкерчилиги чектелген коомго жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
(Туз айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-августундагы токтомуна ылайык)
“Поварёнок” жоопкерчилиги чектелген коомго жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Туз айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ч. Исмаилованын маалыматын угуп, 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 3-бөлүм 8-беренеси, 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы, 2016-жылдын 29-ноябрында № 5096 BE жер казынасын иштетүү үчүн колдонууга берилген лицензиясы, 2016-жылдын 29-ноябырына 5096 ВЕ лицензиясына тиркелген № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл өкмөтүнүн жерди бөлүп беүү жөнүндө сунушун колдоп, жалпы жонунан 0,07 га Туз айыл аймагынын башка жерлер № 390 контур (бөлүгү) жер тилкесин № 1329 булагындагы жер астындагы сууларды иштетип чыгуу лицензияга ылайык 2026-жылдын 7-августуна чейин.
2. Туз айыл өкмөтү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
“Поварёнок” жоопкерчилиги чектелген кооммунун чыгашасынын ордун толтуруу жана кетирилген пайдасыннын сарптоо суммасы орду толтурулуп берилсин;
ижарага берилген жер тилкеге 70 000 (жетимиш миң) сомго келишим түзулсүн;
“Поварёнок” жоопкерчилиги чектелген коомго экологиялык жана техникалык коопсуздугу , жер казынасын коргоо жана колдонуу тарабынан эксперттик корутундусу долбоордук документацияга ылайык болуусу сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык комиссияга жүктөлсүн.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж. Мусаходжаев |