Загрузка документа…
0
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-июну №7
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис А.Джумалиеванын Нижняя Серафимовка айылынын Интернат үйүнүн 4/1 батиринин тургуну 1988-жылы төрөлгөн Аманбекова Аселдин (1-группадагы майып) туберкулез оорусуна байланыштуу дарылануусуна, материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл аймагынын жетекчиси А.Мусакожаевга: жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш мин) сом өлчөмүндөгү каражаты материалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж. Мусаходжаев |