Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-августу №15
Эгемендүүлүк күнүнө карата акча менен сыйлоо жөнүндө
Каржы бөлүмүнүн башчысы Н. Бектемированын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 25-майындагы Эмгек Кодексинин 145 беренесине, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы №75 “Мамлекеттик жарандык кызматы жана муниципалдык кызматы жөнүндө” мыйзамынын негизинде, муниципалдык кызматерлерди Эгемендүүлүк күнүнө карата иштеген ишинин сапаты жана жыйынтыктарынын негизинде акча менен сыйлоо максатында,Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен аппарыттын кызматкерлерин сыйлоо үчүн бир айлык маянанын өлчөмүндө, штаттык тизмеге ылайык акча каражат бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы: | Ж. Мусаходжаев |