Загрузка документа…
КӨК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы №27/1
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев агайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев агайдын ысымын ыйгаруу максатында, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 31-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебинин жамаатынын арызы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебине Турабы Шамшиев атындагы Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектеби деп аталышына макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Туманов |