Загрузка документа…
КӨК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы №27/2
Жайыт комитетине тартылуучу инвестицияга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Жийде айылына курулуучу көпүрөнүн өздүк салымы катары айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Көк-Жар жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюжеттик кодексинин” 4-бөлүмүнүн 5-главасынын 28-беренесине негиз Көк-Жар айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИСтин “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2” долбоорунун алкагында Жийде айылынын Абылгазы жайлоосуна өтүүчү Качкынды-Сайына курулуучу көпүрөсүнө өздүк салым катары 220 000 (эки жүз жыйырма миё) сом акча каражаты, Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин инвестицилар үчүн каралган акча каражатынын эсебинен ажыратылсын.
2. Ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу түрдө статьяларына коюп, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Миёбаев Саттарали Мукумовичке жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Туманов |