Загрузка документа…
КӨК ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-майы №27/4
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн жазган арызы жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн жазган арызын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамына негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Жолдошова Тазагүлдүн уулу Абдивахап уулу Нурсултандын жүрөгү ооругандыгына байланыштуу дары дармек алууга материалдык жардам көрсөтүү максатында турмуш шарты оор болгондуна байланыштуу акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Акча каражаты менен камсыз кылуу жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин,бюджет жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Туманов |