Загрузка документа…
КАРА АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры №2
Кара-Алма айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын 2018-жылда 9 айы менен аткарылышын эске алып, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын толук жумшалышын жана мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын бекитүү менен бюджеттин сметалык чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларынын 9 айда аткарылышын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын толук жумшалышын, мамлекеттик сатып алуулар порталында тендерлерден үнөмдөлгөн акча каражаттарын бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жыл ичинде кээ бир пландаган жумуштары жыл жыйынтыгы менен аткарылбай калгандыгынан,башка жумуштарды аткарууга, башкача айтканда, билим берүү бөлүмүнүн имараттар жана курулмалар беренесинен 132,4 миң сом, учурда оңдоо беренесинен 141,6 миң сом, электр энергияга төлөмдөр беренесинен 68,3 миң сом, ошондой эле маданият бөлүмүнүн учурда оңдоо беренесинен 40,0 миң сом төмөндөгүдөй бөлүмдөр жана беренелерге бекитилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн эмгек акы беренесине 42,4 миң сом, ар түрдүү чыгымдар беренесине 68,3 миң сом, учурда материалдык керектөөлөрдү жана хоз товарларды алууга 50,0 миң сом, компьютердик жабдуу алууга 40,0 миң сом бекитилсин.
3. ЖКХ бөлүмүнүн учурда оңдоо беренесине 40,0 миң сом жана ар түрдүү чыгымдар беренесине 141,6 миң сом бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет .
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы: | Сооронбаев К.К. |