Загрузка документа…
КАРА АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры №2
Кара-Алма айыл өкмөтү жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн жетекчисинин 2018-жылдын 1-октябрындагы № 01-16/276 буйругунун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүндө 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрь мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2016-жылы аудитке камтылган мезгил аралыгында, бюджеттик каражаттар кассасынан беренелер боюнча сарптоолорунда 2215 ар түрдүү кызматтар беренесинен 20,1 миң сом, 2211 сапар чыгымдары беренесине, ошондой эле 2017-жылы аудитке камтылган мезгил аралыгында, бюджеттик каражаттар кассасынан 2215 ар түрдүү кызматтар беренесинен 10,0 миң сом, 2721 социалдык жардам беренесине, максатсыз сарптоолорго жол берилген, кетирилген кемчилдиктерге жол бербөө жагы белгиленсин.
2. Жогоруда кетирилген кемчилдиктерди оңдоо максатында, аппарат бөлүмүнүн 2211 сапар чыгымдары беренесинен 20,1 миң сом 2721 социалдык жардам беренесинен 10,0 миң сом акча каражаттары 2215 ар түрдүү чыгымдар беренесине жылдыруу менен бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы И.Алимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет .
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы: | Сооронбаев К.К. |