Загрузка документа…
КАРА АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры №3
Кара-Алма айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын долбоорун бекитүү жана бюджеттик угууларды өткөрүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга бюджетинин киреше булактарынын долбоорун бекитүү жана бюджеттик угууларды өткөрүүдө Кара-Алма, Орток, Урумбаш айылдарынын тургундарынын сунуш – пикирлерин эске алуу менен Кара-Алма айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 19.11.2018-жыл №14-2-2/13267-каты жана Сузак райондук Каржы башкармалыгынын 22.11.2018-жыл №01-15/142/4 каты боюнча 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоору, Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзам долбооруна ылайык жалпы мамлекеттик салыктын жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй ченемдик чегерүүлөр менен бекитилсин.
кирешеден кармалуучу салык – 70%
сатуудан алынуучу салык – 50%
ыктыярдуу патент, милдеттүү патент, бирдиктүү салык – 100%
жер казынасын (недр) пайдалануу боюнча салык (рояльти, стратегиялык баалуулуктарды казуудан тышкары алтын, нефть, газ) – 50%
2. Жалпы мамлекеттик салыктардан пландан ашыкча түшкөн каражаттар республикалык жана жергиликтүү бюджет ортосунда (пландан ашыкча түшкөн салыктын ар бир түрү боюнча) бекитилген нормативдик чегерүүлөргө ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү 2273,5 миң сом, ал эми республикалык бюджет эсебинен берилүүчү теңдөө гранты 3901,2 миң сом өлчөмүндө долбоору жактырылсын.
4. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюжети жөнүндө угууда элдин социалдык – экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу жана жакырчылыкты кыскартуу, мал жандыктарды эпизоотиялык эпидемологияга каршы эмдөөлөрдү өз учурунда жүргүзүү, яма беккари куруу, элди таза суу менен толук камсыздоо, айыл ичиндеги жараксыз абалга келген электр мамычаларды алмаштыруу, ички чарбалык жолдорду оңдоо жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетине жүктөлсүн.
6. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет .
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы: | Сооронбаев К.К. |