Загрузка документа…
КАРА АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры №4
Кара-Алма айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшү Кара-Алма айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча маалыматты угуу жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына карата жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө маалымат каралып, кетирилген кемчилдиктер тийиштүү беренелерге толукталып, кийинки жылдарда кайталоо болбостугун эске алуу менен, бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына так жана туура пландоолорду жүргүзүү айыл өкмөттүн тийиштүү кызматкерлерине жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет.
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы: | Сооронбаев К.К. |