Загрузка документа…
ОТУЗ АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
25-май 2019–жылдын. №1
Отуз-Адыр айыл аймагындагы жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча даярдалган материалдарды бекитүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2014-жылдын 03-мартындагы №114 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жер фондун инвентаризациялоо тартиби жɵнүндɵ” Жобонун негизинде, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу колнуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдарды карап чыгып, депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп, Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдардын жыйынтыгына макулдук берилсин.
2. Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо жана калктуу конуштардын чек ара сызыктарын тактоо боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдаган материалдардын жыйынтыгы менен Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтү кабыл алган токтом бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Д.Беделов. |