Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-апрели 31/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатын пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылы атайын эсебине түшкөн каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн атайын эсебине түшкөн каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 5,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
2.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-Айыл өкмөтүнө тартип бузуу жөнүндө протоколдун Ички иштер министрлигинин типтүү бланкасын алууга 0,6 миң сом;
- Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө 4,4 миң сом.
3. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Тѳрага: | Уланбек уулу Жолдошбе |