Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-майы 32/1
Дөбөлү айылына электр трансформаторун орнотууга жер аянтын бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын М. Боромбаев көчөсүнө электр трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча Дөбөлү айылынын тургундарынын кайрылуусунун жана Нарын райондук электр тармактарын тейлѳѳ мекемесинин сунушунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын жер жанатурак жай боюнча комиссиясынын 2019-жылдын 21-майындагы№1 отурумунун токтому бекитилсин.
2.Дөбөлү айылындагы борбордук М. Боромбаев көчөсү менен Ө. Токтосунов көчөсү кесилишкен жолдун түштүк тарабынан 16 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Уланбек уулу Жолдошбе |
Дөбөлү ай ыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча комиссиясынын
Отурумунун
№ 2 ТОКТОМУ
Катышкандар ; Комиссиянын төрагасы – Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү - Касымова Жайна
Токталиев Бердибек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Султанов Жаныбек
Камбаров Эрнис
Суранчиев Орозбек
Кемелов Талант
Каралуучу маселе:
«Дөбөлү айылына электр трансформаторун орнотууга жер аянтын бөлүү жөнүндө».
Каралуучу маселе боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиев төмөндөгүдөй маалымат берди. «Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемеси Дөбөлү айылынын тургундарынын суроосу боюнча борбордук М. Боромбаев көчөгө электр трансформаторун орнотууга жер аянын тактап бөлүп берүүсүн кайрылышкан.».
Бул маселе боюнча Өкмөт башчы У. Алсейитов, Аракеев Акылбек, Исаков Акылбек жана башкалар сөз сүйлөштүү.
Жогоруудагы маселени талкуулап, комиссиянын отуруму токтом кылат:
1.Дөбөлү айыдындагы борбордук М. Боромбаев көчөсү менен Ө. Токтосунов көчөсү кесилишкен жолдун түштүс тарабынан 16 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
; Комиссиянын төрагасы – Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү - Касымова Жайна
Токталиев Бердибек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Султанов Жаныбек
Камбаров Эрнис
Суранчиев Орозбек
Кемелов Талант